2024-жылдын 28-ноябрында Талас облусунда Талас шаардык мамлекеттик архивинин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинин ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, региондук башкармалыктарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгынын начальниги Тилекбек Киргабаковдун айтымында, курулуш 2023-жылдын аягында республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган капиталдык салымдар программасынын алкагында башталган. Бакай-Ата райондук архивинин имараты авариялык абалда болуп, архивдик документтерди сактоо талаптарына жооп берчү эмес. Талас шаардык архиви 2018-жылга чейин ижарага алынган жайларда жайгашып, үч жолу ордун алмаштырууга аргасыз болгон. 2018-жылы өзүнүн имаратына ээ болгондугуна карабастан, ал имарат эскилиги жетип, сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам архивдик иш үчүн ылайыксыз бойдон калган.
Азыркы учурда Талас шаардык мамлекеттик архивинде 127 фонддо 16 274 сактоо бирдиги, ал эми Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинде 15 350 сактоо бирдиги бар.
Жаңы архивдик жайлар заманбап талаптарга жооп берип, бул тарыхый маанилүү документтердин ишенимдүү сакталышын камсыз кылат жана жарандардын архивдик маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.