Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Жалал-Абад региондук башкармалыгынын бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 2-декабрынан баштап 10-декабрына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Жалал-Абад шаары, Курортная №14, 2-этаж
- Байланыш номери: (03722) 2-51-45
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынын Аксы райондук мамлекеттик архивине башкы фонд сактоочу
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу
командада иштөө.
21 жаштан жогору;
Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес иш стажы;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,
“Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы
Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрилигине караштуу Архив кызматынын жобосу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинин негизги иш эрежелери
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы