Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

5395501852298175112Бүгүн, 2024-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын жетекчиси Мария Артелевна Алыбаеванын төрагалыгы алдында Архивдик кеңештин жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Архив кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

 

Жыйындын жүрүшүндө архив кызматынын учурдагы ишмердүүлүгүнө жана стратегиялык өнүгүүсүнө тиешелүү негизги маселелер, тактап айтканда, архивдик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жаңы имараттарды куруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды.

 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөргө архив кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, анын ичинде архивдик документтердин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү, видеобайкоо жана жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө системаларын киргизүү, ошондой эле кызматкерлер үчүн үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Архивдик иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган алдыдагы мезгилге карата иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

.