Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

5447432057060976631

Бүгүн, 2024-жылдын 30-декабрында, Архив кызматынын жыйындар залында Иманалы Айдарбековдун фотодокументтерин Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин (КР БМКФФДА) фондуна өткөрүп берүү салтанаттуу аземи болуп өттү.

Үй-бүлөлүк архивде сакталган баалуу тарыхый фотодокументтерди Кара-Кыргыз автономиялык облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү – КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чингиз Айдарбеков тапшырды.

Фотодокументтерде Иманалы Айдарбековдун жашоосу менен ишмердүүлүгүндөгү маанилүү учурларды чагылдырып, анын өлкө тарыхына кошкон салымын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар Кыргызстандын маданий жана тарыхый мурасын сактоо үчүн өзгөчө баалуулукка ээ.

Архив кызматы Айдарбековдордун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин фонддорунан татыктуу орун ала турган баалуу материалдарды сактап, өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирет. Бул кадам өлкөбүздүн тарыхый эс тутумун сактоого кошкон зор салымы болуп саналат жана өткөрүлүп берилген фотодокументтер изилдөөчүлөр үчүн жаңы маалыматтарды ачууга жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.