Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгынын бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 21-февралынан баштап 28-февралына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Нарын шаары, Ө. Кулумбаев көч №27. Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгы
- Байланыш номери: 3522 57327
Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгындагы ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Нарын региондук башкармалыгынын Документтерди комплектилѳѳ жана ведомстволук архивдердин ишин уюштуруу бѳлүмүнүн инспектору
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо.
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу.
командада иштөө.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес эмгек стаж;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелерин.;