Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Ысык-Көл региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 4-мартынан баштап 10-мартына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Каракол шаары, Москва көч. 119. Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы
- Байланыш номери: (03922) 51274
Ысык-Көл региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивинин-жетектөөчү архивисти
1
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- документтердин маалыматтарын, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү;
- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышу;
- командада иштөө;
- жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзөт;
- жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин социалдык-укуктук, тематикалык мүнөздөгү кайрылууларын жана суроо-талаптарын аткарат (архивдин илимий-маалыматтык аппаратын изилдейт, документтерди аныктайт, архивдик маалым каттардын тексттерин түзөт);
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
- Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;