Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 31-мартынан баштап 6-апрелине чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Нарын шаары, Ө. Кулумбаев көч №27.
- Байланыш номери: (03522) 51663
Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгындагы ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана эсебин алуу бѳлүмүнүн- башкы архивисти
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо.
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу.
командада иштөө.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес эмгек стаж;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелерин.;