Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 8-апрелинен баштап 15-апрелине чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
- Байланыш номери: 62-13-24
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
3
Эсепке алуу, сактоо жана сакталышын камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы фонд сактоочусу
1
- Функционалдык милдеттерине ылайык кинофотодокументтердин жана видео үн жазуулардын КБнын, пайдалануу жана тизимдердин фондунун (тизимдердин реестрлери) камсыздандыруу көчүрмөлөрүнүн келип түшүүсүн, чыгарылышын эсепке алууну уюштурат;
- Кинофотодокументтерге жана видео үн жазууларга негизги эсепке алуу документтерин: келип түшкөн китептерди, тизмелердин реестрлерин, архивдин паспортторун, сактоочу жайлардын паспортторун, тизмелерди жүргүзөт;
- Документтердин сакталышы, документтердин фондунун кыймылы, архивдеги документтердин сакталышын жана эсепке алынышын камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- Архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес иш стажы;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Архив кызматынын Жобосу;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзам;
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзам.
Мамлекеттик архивдердин ишинин негизги эрежелери.