Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациалык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Жалал-Абад региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 8- апрелинен баштап 15-апрелине чейин,
Саат 08:30 – 17:30
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгына караштуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик архивине архив сактоочу жайдын башчысы
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу
командада иштөө.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иш тармагында 1 жылдан кем эмес;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;