Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт
Документтердин тапшыруу тизмеси:
-Өз колу менен жазган арыз
-резюме
-кадрдык жеке баракча
-сүрөт (3х4) 4 даана
-паспорттун көчүрмөсү
-эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо)
-билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
-өмүр баян
-сунуштоолор(эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 15-апрелинен баштап 23-апрелине чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
- Байланыш номери: 62-13-24
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Илимий-инновациялык технологиялар бөлүмүнүн инженер-программисти
1
Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
2
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн инженер-программисти
1
Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
Документалдык басылмаларды даярдоого катышат. Илимий-маалымдама аппаратын жана басылманын макетин даярдайт, текстти оригинал менен салыштырат.
Тематикалык суроо-талаптарды аткарат.
Документалдык көргөзмөлөрдү даярдоого катышат.
Ишмердүүлүк багыты боюнча макалаларды жана маалыматтарды даярдайт.
Архивдик документтер боюнча документтерди, теле, радиоберүүлөргө берүүгө тандайт.
Мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар уюмдарга актуалдуу тематика боюнча архивдик документтер жөнүндө маалыматтык каттарды даярдайт.
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;