Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

ВАКАНСИИКыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы

Ысык-Көл региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

 

- өз колу менен жазган арыз;

- резюме;

- кадрдык жеке баракча;

- сүрөт (3х4) 4 даана;

- паспортунун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өмүр баян;

- сунуштоолор (эгер болсо)

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2025-жылдын 1-декабрынан баштап 8-декабрына чейин
Саат 08:30 17:30

Дареги: Каракол шаары, Москва көч. 119. Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы

Байланыш номери: (03922) 51274.

 

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивине башкы архивист

1

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышу;

- командада иштөө;

- архивдин жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзгөнгө жардам берет;

- квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукка үйрөнөт;

- ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт;

- документтердин маалыматтарын, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү;

- архив ишти жана ишмердүүлүк боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт;

- 21 жаштан жогорку;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери

- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;