Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

Beige Brown Aesthetic Photo Collage копия

2026-жылдын 24-июлунда, Чүй облусунун Кайыңды шаарында Панфилов райондук мамлекеттик архивинин жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Н. Базарбаева, Архив кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилиги жана аймактын тургундары катышышты.

Учурда Панфилов райондук мамлекеттик архивинде 1938-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилди камтыган 20 миңден ашык сактоо бирдиги сакталууда. Архив учурда жайгашкан имарат 1925-жылы курулуп, алгач төрөт үйү катары пайдаланылган. 1976-жылы оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2002-жылы райондук мамлекеттик архивдин карамагына берилген. Имарат архивдин карамагына өткөрүлгөндөн бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда архив сактоочу жайлар 99 пайызга толгон, ал эми архив кызматкерлери эскилиги жеткен жана заманбап талаптарга жооп бербеген имаратта эмгектенип келишет.

Маанилүү социалдык объект болуп саналган жаңы эки кабаттуу архив комплекси 653,2 чарчы метр аянттагы жер тилкесине курулууда.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 30 миллион сомдон ашык каражатты түзүп, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Жаңы имаратта мамлекеттик документтерди заманбап стандарттарга ылайык коопсуз сактоочу жайлар, кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү жана жарандарды кабыл алуу үчүн бардык тиешелүү шарттар каралган.

Курулуш иштерин 2026-жылдын ноябрь айында аяктап, пайдаланууга берилиши пландалууда.

Жаңы архив имаратынын ишке кириши мамлекеттик архивдик документтерди заманбап талапка ылайык ишенимдүү сактоого, аймактын тарыхый мурасын сактап калууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.