Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

762606102 1557479396174811 967779393885543020 nБүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда райондук мамлекеттик архивдин жаңы, заманбап имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Базарбаева, региондук башкармалыктарынын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилиги жана
эмгек ардагерлери катышышты.
​Тарыхы: Жети-Өгүз райондук архиви 1977-жылы Саруу айылындагы эски мектепте негизделип, кийин Покровка айылдык Советине, андан соң 1998-жылдан бери «Солнышко» бала бакчасынын имаратында жайгашып келген.
Жаңы имарат: 45,1 млн сомдук долбоор боюнча заманбап климат-контроль жана өрткө каршы системалар менен курулуп, толук жабдылды.
Архивдик фонд: 1928–2021-жылдарга таандык 238 фонд жана 36 510 сактоо бирдиги сакталууда.
​Иш-чаранын алкагында Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Жети-Өгүз районунун өсүш тарыхын жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивинин ишмердүүлүгүн чагылдырган кеңири сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.