Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

Фото Жакыпбаев.jpgЖакыпбаев Токтомамат Абдраевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу

2026-жылдын 9-августунда архив тармагынын ардактуу кызматкери, Ош шаардык мамлекеттик архивинин мурдагы жетекчиси Жакыпбаев Токтомамат Абдраевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жакыпбаев Токтомамат Абдраевич 1958-жылдын 4-мартында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылында туулган.

Ал 2010–2023-жылдары Ош шаардык мамлекеттик архивин жетектеп, архив ишинин өнүгүшүнө жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого олуттуу салым кошкон.

Анын жетекчилиги астында Ош шаардык мамлекеттик архивинин жалпы аянты 544 чарчы метрди түзгөн жаңы кошумча имараты курулуп, 2012-жылдын 11-майында пайдаланууга берилген. Жаңы имараттын документтерди сактоочу жайлары заманбап китеп текчелери (стеллаждар) менен жабдылып, архивдин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон оргтехника жана өрт өчүрүү каражаттары менен камсыздалган.

Токтомамат Абдраевичтин архивдин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, документтерди сактоо шарттарын жакшыртууга жана архив ишинин өнүгүшүнө кошкон салымы жогору бааланган. Ал Сагын Шералиева атындагы диплом менен сыйланган.

Ошондой эле 2010–2023-жылдары Ош шаардык мамлекеттик архивинин ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн Ош облустук профсоюз уюмунун, Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик архив агенттигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Архив тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жетишкен ийгиликтери үчүн Токтомамат Абдраевичке Мамлекеттик архив агенттигинин «Архив ишинин отличниги» төш белгиси ыйгарылган.

2023-жылдан тартып ардактуу эс алууда болгон.

Токтомамат Абдраевичтин бүтүндөй эмгек жолу архив тармагына берилгендиктин, жоопкерчиликтүү эмгектин жана кесипкөйлүктүн үлгүсү болуп калды. Ал өзүнүн адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана кесиптештерине болгон жылуу мамилеси менен артында терең из калтырды.

Архив кызматынын жалпы жамааты Жакыпбаев Токтомамат Абдраевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркумдун жаркын элеси аны билгендердин жана кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.