Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

A- A A+
344693425 2457654417720005 676289198934067458 nУлуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78-жылдыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы “Фронттон келген каттар” виртуалдык көргөзмөсүн жаңыртты.
Экспозицияда Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин фондуларынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын анык каттары коюлган.
Бардык материалдар аскердик чындыкты жана жоокерлердин турмушун, алардын чыныгы патриотизмин жана жакындарына болгон сезимдерин чагылдырат.
Көргөзмө 2015-жылы түзүлгөн.
Виртуалдык көргөзмө менен http://letters.archive.kg/ сайтынан таанышсаңыз болот.
 
343773118 1421570168669721 9035981389517918843 n   343986822 165324676190251 1217161552176826419 n  344753805 693767295885880 4023192742425826932 n