Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

A- A A+

347815105 1439496223545885 8773303782024878283 n2023-жылдын 19-майында Ош облусунун Араван районунда Араван райондук мамлекеттик архивинин эки кабаттуу жаңы имараты ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош облустук башкармалыгы башчысы Бактыбек Алайчиевдин айтымында, архивдин эски имараты абдан кейиштүү абалда болчу.
«2022-жылдын 11-февралында Араван райондук мамлекеттик архивинин 2 кабаттуу жаңы имаратынын курулушунун сметасын түзүү боюнча тендер жарыяланып, ошол эле жылдын июнь айында тендердин жеңүүчүсү аныкталган. Курулуш өз убагында бүткөрүлдү», - деди ал.
Учурда Араван райондук мамлекеттик архивинде мекеме-ишканалардын 2016-жылга чейинки документтери сакталып турат. 156 фонд, 17778 сактоо бирдиги бар. Архивде 5 кызматкер иштейт.
Араван райондук мамлекеттик архиви Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош облустук башкармалыгынын балансында турат.
 
.347809494 1268710180449656 8064775627433673164 n  348428810 2340509976121854 1039483186403711694 n  348450884 163066396495491 9187572453952405876 n