30-мартта Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматында “Иш кагаздарды жана архив иши боюнча терминдик атоолордун орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгү” сөздүгүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Архив кызматынын төрайымы Мария Алыбаева, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, «Кыргыз тили» коомунун төрагасы Раимжан Курбанов жана башка көптөгөн адамдар катышты.
Сөздүк жалпы эле иш кагаздарын жүргүзүү жана архив ишине тиешелүү 3000ден ашык терминдик атоону, сөз айкаштарын камтып, терминдерди бирдейлештирүү, котормо ишин жөнгө салуу, ошондой эле иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жеңилдетүү максатында даярдалган.
Сөздүк Архив кызматынын илимий-усулдук кеңешинин кароосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан басмага сунушталган.
Сөздүктү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты Назгүл Асанакунова түзгөн.
Архив кызматынын төрайымы Мария Алыбаева белгилегендей, бул сөздүк кыргыздын улуттук терминологиясын орун алган кемчиликтерден сактап, мамлекеттик тилдин маданиятын көтөрөт.
«Бул сөздүк чектелген нускадагы пилоттук долбоор. Келечекте ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин сөздүк көп нускада жарык көрөт», - деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Архив кызматына жана Назгүл Асанакуновага аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер мындан ары да колдоого алынаарын баса белгиледи.