
«Архив сактагычтар 100% документтер менен толтурулган, жаңы имарат куруу керек болчу. 2016-жылы Кербен шаардык мэриясы архивдин жаңы имаратын курууга 600 чарчы метр жер бөлүп берген. Ал эми 2022-жылдын апрель айында тендердин жеңүүчүсү аныкталып, курулуш иштери башталган», - деди М.Женбеков.
КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов белгилегендей, мамлекет өлкөнүн архив тутумунун материалдык базасын чыңдоого каражат бөлүп, колдоо көрсөтүп келет.
Азыркы мезгилде Аксы райондук мамлекеттик архивинде 1939-2021 жылдар аралыгындагы 97 фонддун 24880 сактоо бирдиги бар. Топтоо булактары болуп 40 мекеме-ишканалардын тизмеси катталган.