2023-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында Аксы райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурлан Шакиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Апсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, Кыргыз Республикасынын СӨМнин алдындагы Архив кызматынын төрагасынын орун басары Асхат Назаралиев, жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы Максат Женбековдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин облустук мамлекеттик архив көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында жайгашкан.
«Архив сактагычтар 100% документтер менен толтурулган, жаңы имарат куруу керек болчу. 2016-жылы Кербен шаардык мэриясы архивдин жаңы имаратын курууга 600 чарчы метр жер бөлүп берген. Ал эми 2022-жылдын апрель айында тендердин жеңүүчүсү аныкталып, курулуш иштери башталган», - деди М.Женбеков.
КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов белгилегендей, мамлекет өлкөнүн архив тутумунун материалдык базасын чыңдоого каражат бөлүп, колдоо көрсөтүп келет.
Азыркы мезгилде Аксы райондук мамлекеттик архивинде 1939-2021 жылдар аралыгындагы 97 фонддун 24880 сактоо бирдиги бар. Топтоо булактары болуп 40 мекеме-ишканалардын тизмеси катталган.
Аксы райондук мамлекеттик архиви Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгына башиет жана балансында турат, штаттык бирдик боюнча 5 кызматкер эмгектенет.