Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

WhatsApp Image 2026 09 02 at 11.15.50Манас шаарында заманбап талаптарга жооп берген шаардык мамлекеттик архивдин жаңыланган имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Мекеме шаардык мэриянын мурдагы имаратынын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн бөлүгүнө жайгаштырылды.

Иш-чарага Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Базарбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Манас шаардык мамлекеттик архиви буга чейин 1965-жылы курулган, архивдик документтерди сактоо талаптарына жооп бербеген эски имаратта жайгашып келген.

Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттин эсебинен 5 млн 343 миң сом бөлүнгөн. Документтерди бекитилген ченемдерге ылайык ишенимдүү сактоо үчүн 3 чоң архив сактоо залы даярдалып, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн керектүү заманбап материалдык-техникалык шарттар түзүлдү.

Мекемеде 1926-жылдан берки аймактын тарыхын чагылдырган баалуу тарыхый-документалдык булактар сакталат.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы өлкөнүн тарыхый-документалдык мурасын ишенимдүү сактоо, архивдердин инфраструктурасын чыңдоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү багытындагы иштерин жигердүү улантат.