Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

PHOTO 2026 08 28 15 40 442026-жылдын 27-августунда Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Архив ишинин 100 жылдыгына карата «Архив — элибиздин тарыхы, баа жеткис кенчи» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, тармактын ардагерлери жана архив кызматкерлери катышты.

Салтанаттын алкагында аймактык «Мыкты тармактык архив» жана «Мыкты мамлекеттик архив» кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле конокторго архив тармагынын түптөлүшүн, калыптанышын жана бир кылымдык тарыхый жолун чагылдырган атайын даярдалган сүрөт көргөзмөсү сунушталды.