Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Ош шаардык мамлекеттик архивинин жаңы имаратка көчүрүлүшүнө байланыштуу, Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан көчүрүү иштерине байланыштуу, архивдик кызмат көрсөтүүлөр жана жарандарды кабыл алуу иштери 2026-жылдын 5-октябрына чейин убактылуу токтотулат.
.
Көчүрүү иштери аяктагандан кийин Ош шаардык мамлекеттик архиви өз ишин төмөнкү жаңы дарек боюнча улантат:
Ош шаары, Алиева көчөсү, 72 «А»
(мурунку «Олимп» мектебинин имараты).
Ушуга байланыштуу жарандардан архивдик маалымкаттарды, архивдик документтердин көчүрмөлөрүн жана башка архивдик кызматтарды алуу маселелери боюнча кайрылууларын 2026-жылдын 5-октябрына чейин убактылуу кийинкиге калтырууну өтүнөбүз.
Архивдин жаңы имаратка көчүрүлүшүнө байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
