Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Ош шаардык мамлекеттик архивин жаңы дарекке көчүрүү иштери улантылууда.
Архивдик фонддорду сактоо эрежелерине ылайык жайгаштыруу, стеллаждарды орнотуу, топографиялык көрсөткүчтөрдү түзүү, ошондой эле интернет тармактарын тартуу жана компьютердик жабдууларды жөнгө салуу көп убакытты талап кылгандыктан, жарандарды кабыл алуу жана кызмат көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 12-октябрына чейин узартылат.
Архив өз ишмердүүлүгүн 12-октябрдан тарта жаңы дарек боюнча улантат:
? Ош шаары, Алиева көчөсү, 72 «А» (мурунку «Олимп» мектебинин имараты).
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
.
