Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 26-авгстунан баштап 2-сентябрына чейин
Саат 08:30 до 17:30
Адрес: Бишкек шаары, Токтогул көч.105, 2-кабат, 26-кабинет.
Байланыш номери: 0(312) 621324
КР Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Топтоо, илимий-маалымдагыч аппараты жана документтерди колдонуу бөлүмү-жетектөөчү архивист
1
Функционалдык милдеттерине ылайык документтерди мамлекеттик сактоого тандоо жана кабыл алуу;
Кинофотодокументтердин жана видео үн жазуулардын баалуулугуна экспертиза жүргүзүү;
Архивди кинофотодокументтер жана архивдин видео үн жазуулары менен комплекттөө булагы болуп саналган ишканалардын жана мекемелердин фильмофотофоновидеотекинин ишин контролдоо;
Илимий-маалымдама аппаратын түзүү жана тизмелерди өркүндөтүү боюнча иштерди аткарат;
Маалымдама-маалыматтык фондду түзүү боюнча иштерди жүргүзөт (материалдарды комплектөө, системалаштыруу, маалымдама-издөө аппаратын түзүү жана жүргүзүү).
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
