Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы Ош региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 Документтердин тапшыруу тизмеси:

- өз колу менен жазган арыз;

- резюме;

- кадрдык жеке баракча;

- сүрөт (3х4) 4 даана;

- паспортунун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өмүр баян;

- сунуштоолор (эгер болсо)

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2026-жылдын 8-сентябрь айынан баштап 15-сентябрь айына чейин

Саат 08:30 до 17:30

Адрес: Ош шаары, Чкалова көч. 21. Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы

Байланыш номери: (03222) 6-42-28, 6-44-76

 

№

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын Кара-Суу райондук мамлекеттик архивине – жетектөөчү архивист

1

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтердин маалыматтарын, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышу;

- командада иштөө;

- 21 жаштан жогорку;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Архив иши боюнча ченемдик тармактык актыларды;