Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 21-сентябрынан баштап 28-сентябрына чейин
Саат 08:30 до 17:30
Адрес: Бишкек шаары, Токтогул көч.105, 2-кабат, 26-кабинет.
Байланыш номери: 0(312) 621324
КР Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башкы архивисти
1
Бөлум жөнундө жобонун негизинде басып чыгаруу боюнча аткаручу адистердин тобуна методикалык жетекчилик кылат.
Документтердин илими-жана практикалык баалуулугун аныктайт, басып чыгарууга даярдайт.
Документтерге рубрикаларды түзөт. Окуу залына келген изилдөөчүлөр менен иш алып барат.
Бөлүм башчысы жок болгон учурда милдеттерин аткарат.
Жасаган жумушу боюнча отчет түзөт.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнуктурүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
2
Документтердин сакталышын камсыздоо жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн архив сактоочу жайынын башчысы
1
Архивдеги документтердин сакталышын, эсебин жана рационалдуу жайгаштырылышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Мамлекеттик сактоого документтерди кабыл алат
Документтердин физика-химиялык абалын текшерет, реставрациялоо, дезинфекциялоо иштерине даярдайт.
Жоголгон документтерди издөө иштерин жүргүзөт.
Сактоочу жайдагы температуралык-нымдуугук жана санитардык режимдердикөзөмөлдөйт
Пландалган иштерди так жана убагында аткарат.
Өчүп бараткан текстерди калыбына келтирет.
Өзүнун кесиптик деңгээлин жогорулатат. Ички эмгек тартибин, коопсуздук ттехникасынын жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактайт
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнуктурүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
