Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Чүй регионалдык башкармалыгынын бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 13-сентябрнан баштап 24-сентябрга чейин
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: г. Кант шаары, Маликова көчөсү, 10а, 2-кабат.
- Байланыш номери: 61-69-01
Вакантные места Чуйского регионального управления АС при МЦР КР
-
Чүй региондук башкармалыгынын бош орундары
2
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Документтердин сакталышы жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн инженер-программисти
1
-Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат.
-Өз ишин жылдык жана перспективдүү пландарына, ошондой эле ЧРБнын кызматкерлеринин ички эмгек тартибине ылайык уюштурат.
-Функционалдык милдеттерине ылайык документтердин сапаттуу санариптик көчүрмөлөрүн түзөт.
-Санариптештирилгендокументтердин сапатына көзөмөл жүргүзөт;
-Түзүлгөн электрондук көчүрмөлөрдүн сакталышы жана толук болушу үчүнжоопкерчилик тартат.
-Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
-Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
-Архивдик документтерди пайдалануу жана жарыялоо боюнча бардык талаптарды аткарат.
-Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
-Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет
-Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт
-Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
-Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат.
-Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
-архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо.
2
Документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жетекчилик бөлүмүнүн жетекчиси
1
-Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде топтоо булактарынын мекеме архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жардам берүүсү менен толуктоо бөлүмүнүн ишине жетекчилик кылат.
-Бөлүмдүн ишин уюштуруу максатында региондук архивдин жобосунун негизинде бөлүмдөгү план отчеттун аткарылышына жооп берет, документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуру-усулдук кылуу жана өнүктүрүү ишин жүргүзүүгө көзөмөл жүргүзөт.
-Чейрек сайын бөлүмдүн отчетун даярдайт жана жеке өздүк (индивидуальный) отчетун түзөт.
-КРнын УАФнын документтери менен топтоо, документтердин баалуулугун аныктоого экспертиза, тармактык мекемелердин архивдеринин ишине жана иш жүргүзүүдө (делопроизводство) документтерди уюшулушуна усулдук-уюштуруу ишине көзөмөл жүргүзөт.
-Архивдерди документтер менен комплектөө, облустук топтоо булактары болуп эсептелген юридикалык жактардын тизимин түзүп ЭТУКка бекитүүгө алып чыгат.
-Усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт.
-ЭТУКтун мүчөсүнө кирет, документтерди (маалымат, чечимдин проектин, справка) даярдайт жана райондук мекеме-уюмдардын иштердин номенклатураларды, жоболорунун проектерин туура аткарылышын көзөмөлдөйт.
-Семинарларды жана практикалык жардам берүү боюнча слайддарды даярдайт жана өткөрөт.
-Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
-Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт
-Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
-Бөлүмдөгү кызматкерлердин этикасын, кызматтык, ички тартип эрежелеринин талаптарын көзөмөлдөйт жана аткарылышына жооп берет.
-Бөлүмдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барууну жана өздөштүрүүнү көзөмөл кылат.
-Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
-архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо.
3
Документтердин сакталышы жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн башкы фонд сактоочусу
1
-Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат.
-Документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсебин камсыз кылуу жаатында архивдин илимий-изилдөө, методикалык жана практикалык иштеринин негизги багыттарын аныктайт. Архивдик документтердин сакталышын жана мамлекеттик каттоосун камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт. Архив фонддорунун курамы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды берүүнү уюштурат.
-Башкырмалыкта документтерди сактоону уюштуруу боюнча акт түзүү боюнча иштерди уюштурат. Башкармалыктын кызматкерлерине мамлекеттик эсеп, документтердин сакталышын камсыздоо маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтөт. Архивдин бардык бөлүмдөрүндө документтердин сакталышын (анын ичинде документтерди сактоого өткөрүп берүү маселелеринде) колдонуудагы стандарттардын жана эрежелердин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт жана бул эрежелердин бузулушун четтетүүгө багытталган чараларды көрөт.
-Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат
-Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
-Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт
-Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат.
-Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
-архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо.
4
Документтердин сакталышы жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн архив сактоо жайынын башчысы
1
-Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат.
-Документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүзөт жана жасалгалайт.
-Документтердин эсептик кириш жана чыгыш китепчелерин, номерникти, фонддун карточкаларын, баракчаларын, реестрин жана тизимин толтурат.
-Документтерди сактоону камсыз кылуу бири-бири менен байланышкан жумуштарды аткарат, топографиялык көрсөткүчтөрдү жаңыртат, документтерди архив сактоочу жайда текчелерде иреттүү жайгаштырат.
-Өчүп бара жаткан документтердин текстерин калыбына келтирүү ишин жүргүзөт документтердин баалулугуна экспертиза жүргүзүү бөлүм жетекчи менен биргеликте акт түзөт.
-Сактоо жайда бекитилген пландын негизинде документтерди кабыл алуу ич ара жылдыруу иштерин жүргүзөт.
-Даректүү документтерди табуу көрсөтүү, ар кандай документтерди калыбына келтирүү (реставрациялоо) ишин жүргүзөт.
-Иш кагашдарын мамлекеттик тилде жүргүзөт жана “Архив фонд-5” базасын жүргүзөт.
-Сактоо жайында эрежелерге ылаыйык документтер менен иштөөнүн тартибин сактап иш жүргүзүүгө милдеттенет.
-Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
-Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
-Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт
-Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат.
-Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат.
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
-архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо.
5
Документтерди колдонуу жана жарыялоо бөлүмүнүн архивисти
1
-Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат.
-Суроо-талаптарды каттоо жүргүзүү, суроо-талаптардын өз убагында туура аткарылышына жана социалдык укуктук негиздеги арыздардын туура толтурулушуна жооп берет.
-Маалыматтык көчүрмөнүн туура аткарылышына (архивдик маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү ж.б.) компьютерге туура басылышына жооп берет.
-Почта жана электрондук почта аркылуу келген социал-укуктук, тематикалык суроо-талаптарды журналдык жана электрондук каттоо жүргүзөт.
-Почта аркылуу келген социал-укуктук жана тематикалык суроо-талаптарды сканерлоо жана рай-шаармамархивдине жөнөтөт.
-Каттарды почта аркылуу жөнөтөт.
-Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
-Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
-Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт
-Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат.
-Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат
-21 жаштан жогору;
-жогорку билим;
-архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгы жөнүндө Жобо.
6
Документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жетекчилик бөлүмүнүн инспектору
1
-Архив иши боюнча мыйзамдарга ылайык облустук мамлекеттик жана ведомстволук райондук архивдердин ишине тескөөчүлүк текшерүү жүргүзөт.
-Мамлекеттик архив кызматкерлери тарабынан ведомстволук архивдердин текшерилишин, текшерилгендиги тууралуу справкалардын эрежеге ылайык түзүлүшүн, көрсөтүлгөн кемчиликтердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана ведомстволук архив мекемелерине илимий усулдук жардам уюштурууга, алардын ишмердигине жана иш кагаздарын жүргүзүү иштерине жардам көрсөтөт.
-Тармактык архив мекемелеринде сактоодо турган УАФнун документтеринин мамлекеттик эсебин алат.
-Тармактык архив мекемелерин төмөнкү багыттар боюнча текшерет.
-Мекеме уюм, ишканаларда архив иши боюнча мыйзамдардын аткарылышы.
-Архив документтерин жоготуу, бузуу же мыйзамсыз жок кылуу фактыларын карайт. жоголгон документ иш кагаздарды издөө иштерин жүргүзөт жана жыйынтыгын чыгарат.
-Текшерилген ведомстволук архивдерге иш кагаздардын абалы тууралуу маалымат кат жазат.
-Текшерүү мезгилинде КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн укук бузуулар табылса, укук бузгандыгы тууралуу протокол түзөт.
-Административдик жаза катары салынган айыптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
-УАФтын документтеринин мыйзамга ылайык сактоону камсыз кылат жана кеңеш берет.
-Семинар окууларга материалдарды даярдайт, бөлүм жетекчи менен бирдикте өткөрөт.
-Жылдык жана чейректик өзү аткарган ишине өз алдынча (индивидуалдык) отчеттук жазуу ишин жүргүзөт.
-Архив кызматына жана прокуратурага ай сайын отчет жөнөтүп турат