Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда кадрдык иш кагаздарын санариптик башкарууга өтүү башталды. Эми ишке алуу, иштен бошотуу, өргүү берүү жана башка кадрдык документтер боюнча буйруктар санариптик түрдө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жана « 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» жарлыктарын ишке ашыруу алкагында, өлкөдө кадрдык документ жүгүртүүнү активдүү санариптештирүү башталды. Бул кадам процесстерди модернизациялоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
300 миңден ашуун бюджеттик кызматкердин өргүү тууралуу буйруктары сыяктуу кадрдык документтерди санариптештирүү жылына А4 форматындагы 1 миллион барактан ашуун кагазды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Бул чыгымдарды азайтып гана тим болбостон, документтерди иштеп чыгууну кыйла тездетип, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин ылдамдыгы менен ачыктыгына оң таасирин тийгизет.
Санариптик технологиялардын киргизилиши менен өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүп, документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулата алышат.