Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

000 1Архив кызматы Документтештирүү жана окутуу борборунундагы бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

 

- өз колу менен жазган арыз;

- резюме;

- кадрдык жеке баракча;

- сүрөт (3х4) 4 даана;

- паспортунун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өмүр баян;

- сунуштоолор (эгер болсо)

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2025-жылдын 3-июлунан баштап 13-июлуна чейин,
Саат 08:30 – 17:30

  • Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
  • Байланыш номери: 62-13-24

 

 

 

000 1Архив кызматы Документтештирүү жана окутуу борборунундагы бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

 

- өз колу менен жазган арыз;

- резюме;

- кадрдык жеке баракча;

- сүрөт (3х4) 4 даана;

- паспортунун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өмүр баян;

- сунуштоолор (эгер болсо)

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2025-жылдын 3-июлунан баштап 13-июлуна чейин,
Саат 08:30 – 17:30

  • Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
  • Байланыш номери: 62-13-24

 

 

 

Маалыматтык технологиялар борборундагы ваканттык орундар

 

 

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Документтерди иреттөө бөлүмүнүн- жетектөөчү архивисти  

1

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусуна (КР УАФ) тиешелүү документтерди таңдоо боюнча ишти жүргүзөт;

Архивдик документтерди иштеп чыгып жаткан мекеменин, уюмдардын ведомстволук архивинин документтеринин курамын изилдейт;

Кызматтарды алуучулар менен биргеликте жетишпеген делолор жана документтерди издөө үчүн чараларды көрөт;

Документтердин экспертизасынын баалуулугу, туруктуу, узак жана убактылуу сактоо мезгилдери боюнча ишти уюштурат;

Иштелип чыккан архив иштери үчүн илимий-маалымдагыч аппаратын түзөт;

Документтердин түрлөрү жана сактоо мөөнөтү менен архивдик иштерди түзөт;

Барактардын номерлөө, ички инвентаризацияны даярдоо, делолордогу ишеним жазуусу боюнча иштерди жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (КР БМА) эксперттик-текшерүү укуктук комиссиянын (ЭТУК) кароосуна архивдик тизимдерди киргизет жана катышат, аткарылган иш боюнча жеке отчетун түзөт.

-21 жаштан жогору;

-жогорку билим;

Билүүсү керек:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы

-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2

Техникалык бөлүмүнүн–жетектөөчү архивисти 

1

кагаз негизинде документтердин реставрациясын жүргүзөт;

жеке тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарат, документтерди ишке кабыл алат, барактардын санын жайгаштыруу тартибин текшерет;

ишке кабыл алынган документтердин сакталышын камсыз кылат, аткарылган буйрутмаларды өз убагында тапшырат;

жеке иштин жүрүшү жөнүндө план-отчет түзөт;

брошюровканы, документтерди тигүүнү жана ар кандай татаалдыктагы көктөмөлөрдүн мукабалоосун жасайт;

коопсуздук техникасын, эмгекти коргоо ченемдерин сактайт;

квалификациясын жогорулатат, сакталышын камсыз кылуу боюнча жаӊы иштеп чыгууларды изилдейт, кагаз негизинде документтерди калыбына келтирүү иштерин уюштурат;

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (КР БМА) эксперттик-текшерүү укуктук комиссиянын (ЭТУК) кароосуна архивдик тизимдерди киргизет жана катышат;

жабдыкка этияттык менен мамиле кылып, аны жумушта туура колдонот, зарыл болсо жетекчинин башка тапшырмаларын аткарат.

-21 жаштан жогору;

-жогорку билим;

Билүүсү керек:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы

-«Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3

Техникалык бөлүмүнүн- башкы архивисти 

1

-Реставрациялоо жана мукабалоо иштерине буйрутмаларды алат, алардын толуктугун жана тууралыгын таризделишин текшерет;

-Борбордун башчысы жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат;

-Жеке иштин жүрүшү жөнүндө план-отчет түзөт;

-Кагаз негизинде документтерди оңдоо, калыбына келтирүү боюнча иштердин комплексин жүргүзөт, татаалдык категориясынын негизин аныктайт, кагаздын, желимдин зарыл түрлөрүн тандайт;

-Брошюровканы, документтерди тигүүнү жана көктөмөлөрдүн мукабалоосун жасайт;

-Бөлүмдүн башчысы менен биргеликте бөлүмгө керектүү жабдуулар жана материалдар менен камсыз кылат, алардын туура сарпталышын, жабдуулардын туура колдонуусун көзөмөлдөйт;

-Бөлүмдө өндүрүштүк окууну уюштурат, жаңы кабыл алынган кызматкерлердин стажировкасын өткөрөт;

-Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (КРнын БМА) эксперттик-текшерүү укуктук комиссиянын (ЭТУК) кароосуна архивдик тизимдерди киргизет жана катышат;

-Жабдыкка этияттык менен мамиле кылып, аны жумушта туура колдонот жана жетекчинин башка тапшырмаларын аткарат.

-21 жаштан жогору;

-жогорку билим;

-Архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

“Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.